• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Этникалык кыргыздар КР визасын акысыз ала алышат – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Этникалык кыргыздар акысыз негизде Кыргызстандын визасын ала алышат.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КР өкмөтү тарабынан этникалык кыргыздарды КР визаларын алууда консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотууга багытталган токтом кабыл алынган. “Кыргызстанга келүүнү каалаган этникалык кыргыздар чет жактагы Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринен жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн акысыз негизде виза алууга укуктуу.

Ошондой эле, этникалык кыргыздар визанын мөөнөтүн Кыргызстандын аймагында жүрүп узартууда консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулушту”, - деп билдиришти ТИМден. Виза жасоо үчүн кайрылууда этникалык кыргыздар алардын этникалык таандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүлөрү керек.

Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн белгиленген токтому боюнча КРнын аймагында жашаган чет элдик студенттер үчүн мөөнөтүн узартууда окуу визаларынын баасы төмөндөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий