• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эттин баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27%га жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата уйдун этине болгон баа республика боюнча орточо 450,31 сомду түздү. Ал өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89,11 сомго же дээрлик 25 пайызга өстү.

Ал эми койдун этинин баасы 449,67 сомду түздү же 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү.

Аны менен бирге уйдун этине Нарын (бир кг үчүн 460 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 458,56 сом), Кербен (бир кг үчүн 454,97 сом), Бишкек (бир кг үчүн 454 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар байкалды. Аларга карата минималдуу баалар Исфана шаарында (бир кг үчүн 409,88 сом), Покровка айылында (бир кг үчүн 420 сом), ошондой эле Баткен жана Ноокат (бир кг үчүн 430 сом) шаарларында катталды.

Койдун этине карата чекене баалар Жалал-Абад жана Исфана (бир кг үчүн 500 сом), Баткен (бир кг үчүн 489,90 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 470 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Каракол шаарында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 420 сом), ошондой эле Кара-Балта (бир кг үчүн 439,92 сом) шаарында байкалды.

Уйдун этине болгон баанын өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу эң жогору Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында 1,3 эсеге өсүшү катталды.

Койдун этине болгон баалар Исфана, Баткен, жана Жалал-Абад шаарларында 1,4 эсеге өстү.

Пикир

Оставить комментарий