• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кечти

Экономика 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду Кырсыктарды алдын алуу жана жеңилдетүү фондунун линиясы боюнча Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кечти, деп билдирет КР Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

“Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши 2021-жылы 6-октябрда кирешеси төмөн болгон 24 өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн Кырсыктарды алдын алуу жана жеңилдетүү фондунун линиясы боюнча карыздарды кечүү чечимин жактырды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай чечим 2021-жылдын сентябрынан тартып КРнын Экономика жана финансы министрлигинин ЭВФнын КРдагы туруктуу өкүлчүлүгү менен тыгыз иштешүүнүн жыйынтыгында жетишилген.

Ошентип, Кыргызстан 2021-жылдын 8-октябрынан 2022-жылдын 10-январына чейин ЭВФке болгон карызын 12,6 миллион долларга кыскартат.

Бул карызды жоюу Кыргызстандагы каржылык ресурстарды бошотууга, саламаттыкты сактоо секторуна каражат бөлүүгө жана COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу үчүн экономикалык колдоо көрсөтүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий