• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЭВФ тарабынан биздин өлкөгө колдоо көрсөтүү бүгүнкү күнгө чейин уланууда - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 12.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Башкаруучу директорунун орун басары Тао Чжан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

“Быйыл биз Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилишинин 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биз региондо өзүбүздүн улуттук валютабызды алгачкылардан болуп киргиздик. Акча-насыя тутумунун калыптануу принциптерин бирдиктүү түшүнүү анын көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча реформаны натыйжалуу аяктоону шарттады. Чейрек кылымда бир топ жыйынтыктар жетишилди. Анын ичинде ЭВФ салымы да бар. ЭВФ тарабынан биздин өлкөгө колдоо көрсөтүү бүгүнкү күнгө чейин уланууда”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Премьер-министр акыркы үч жылдын ичинде республика ЭВФ тарабынан Кредиттик механизмди кеңейтүүнүн жардамы менен экономикалык программаны ишке ашырганын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде бул программа аягына чыкты. ECF программасы боюнча Кыргыз Республикасы алган милдеттемелер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аткарылып келди.

Өз кезегинде ЭВФ директору Тао Чжан өлкө калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган программаларды, долбоорлорду, максаттарды ишке ашырууда Кыргыз Республикасын мындан ары да колдоого даярдык билдирди.

“Биз тараптан ЭВФнын республикадагы өкүлчүлүгүнүн жакынкы убактарда ишке киришүүчү жаңы жетекчилигине жардам көрсөтүүнү суранып кетет элек. Кыргыз Республикасы биз эки жактуу алакаларды бекемдөөнү ниеттенген стратегиялык өнөктөш болуп саналат”, – деди ал.

Маалымдама: Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 8-майынан тарта ЭВФ Уставдык Келишиминин Статьяларына кол койгондон кийин Эл аралык валюта фондуна мүчө болгон; 1995-жылы мартта ЭВФ Уставдык Келишиминин VIII Статьясынын алкагында милдеттемелерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий