• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Евгений Николаев "Тазалык" ишканасынын айымдарына гүл белек кылды

Коом 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Евгений Николаев "Тазалык" ишканасынын аял кызматкерлеринин ишине ыраазычылык билдирип, аларга гүл белек кылды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Евгений Николаев айымдарга биринчи ирет белек берип жаткан жок. Евгений Николаев 45 жылдан бери гүл өстүрүп, дайыма аял кишилерге белекке гүл берип келет.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Евгений Николаев "Бишкексууканалы" ишканасынын аял кызматкерлерине гүл белек кылган.

"Менин оюмча, бир адам башка бирөөгө жардам бергенге мүмкүнчүлүгү болсо, жардам бериши керек. Эгер жашоосун көрктөндүрүүгө мүмкүнчүлүгү болсо көрктөндүрүшү керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий