• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Евразия - биздин үйүбүз" көргөзмөсү. Кыргызстандан кандай товарлар көрсөтүлүүдө?

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. 8-июндан тарта Сочи шаарында "Евразия - биздин үйүбүз" көргөзмөсү өтүп жатат. Ага Кыргызстандын азык-түлүк өндүрүүчүлөрү катышууда.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналып уюштурулду.

Белгиленгендей, көргөзмөдө кыргызстандык өндүрүүчүлөр балык, эт, сүт азыктары, кайра иштетилген жашылча-жемиштер, кондитер, ширелер, улуттук суусундуктар жана бал сыяктуу азыктардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүшүүдө.

Аталган көргөзмөгө учурда иш сапары менен Сочиде жүргөн КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий