• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бажы үлүштөрү кайрадан ыраатташтырылууда

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу тууралуу келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, мурда ташып кирүүгө бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген:

- Армения – 1,11 пайыз;

- Беларусь – 4,56 пайыз;

- Казакстан – 7,11 пайыз;

- Кыргызстан – 1,9 пайыз;

- Россия – 85,32 пайыз.

Ал эми жаӊы протокол шартына ылайык, мүчө-мамлекеттер 2017-жылдын 1-январынан тарта ташып кирүү бажы алымдарын бөлүштүрүүнүн жаңы ченемдерин убактылуу колдонуу чарасын макулдашышты:

- Армения – 1,22 пайыз;

- Беларусь – 4,56 пайыз;

- Казакстан – 7,055 пайыз;

- Кыргызстан – 1,9 пайыз;

- Россия – 85,265 пайыз.

Ошентип, сунуш кылынган документте Россия менен Казакстандын үлүштөрүнүн 0,055 пайызга азайышына ылайык, Армениянын үлүшү 1,11 пайыздан 1,22 пайызга чейин көбөйтүү маселеси каралган.

Буга чейин бир катар депутаттар ЕАЭБдин ташып кирүүгө бажы алымдарындагы Кыргызстандын бажы үлүшүн көбөйтүүгө болор-болбосуна кызыгышып, Өкмөт мындан ары бул багытта иштиктүү аракеттерди жасоого милдеттүү экенин белгилешкен.

Ал эми Экономика министрлигинин өкүлү бажы алымдары боюнча Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатканын, бирок ага азырынча мүмкүнчүлүк болбой жатканын, азырынча азыркы 1,9 пайыздык үлүш ченемин кармап туруу багытында аракеттер жасалып жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий