• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Чолпон-Атага келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович баштаган делегация Чолпон-Атага (Кыргызстан) келди.

Делегация мүчөлөрүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышышат.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий