• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразия экономикалык комиссиясынын видеоконференц-байланыш режиминде өткөн кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин алкагында 33 маселе каралып, соода, өнөр-жай, бажылык жөнгө салуу жана финансылык рынок чөйрөсүндөгү чечимдер кабыл алынды.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштин жүрүшү боюнча маалымат сунушталды.

Тараптар ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечиминин долбоорлорун жактырышты, ал аркылуу Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлар чыккан өлкөнү аныктоо эрежелери бекитилет жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн финансы рыногу жаатындагы мыйзамдарын ыраатташтыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилди.

Аталган план финансы тармагындагы улуттук мыйзамдарда каралган ченем жана талаптарды жакындатууга жана жалпы финансылык рыноктун натыйжалууу иштешин камсыздоого багыталган.

Кеңешмеде каралган маселелердин бири катары интеграциялык биримдикке мүчө мамлекеттердеги иш берүүчүлөр менен түздөн-түз өз-ара аракеттешүү мүмкүндүгүн түзгөн «Чексиз иш табуу» унификацияланган издөө тутумун талкуулоо болду.

Мындан тышкары, кеңешменин катышуучулары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 27 маселеден турган күн тартибинин долбоорун бекитти.

Белгилесек, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграцияны мындан ары карай өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий