• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши: 12 документке кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) өткөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Төмөндө документтердин тизмесин келтиребиз:

1. Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин жана «евразиялык компанияларды» түзүү боюнча мамилелердин алкагында улуттар аралык компанияларды түзүү тажрыйбасы жөнүндө – Тапшырма.

2. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 Чечимин колдонуу тууралуу – Тапшырма.

3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө – Буйрук.

4. 2018-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө – Буйрук.

5. Транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү Концепциясы жөнүндө – Чечим.

6. «Евразиялык өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялардын трансфери түйүнү» долбоорунун паспорту жөнүндө – Чечим.

7. Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктардын транс чек аралык кыймылы жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө – Макулдашуу.

8. Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары, пахта буласы жана жүн боюнча 2019-2020-жылдарга карата агрардык өнөр жай комплексин, суроо-талап баланстарын жана сунуштарды өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору жөнүндө – Буйрук.

9. Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы жөнүндө 2011-жылдын 22-июнундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколуна кол коюу тууралуу – Протокол.

10. Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө – (Кызматтык иште пайдалануу үчүн) Буйрук.

11. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө – Буйрук.

12. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жери жана убактысы жөнүндө – Буйрук.

Пикир

Оставить комментарий