• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү - фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. 9-августта Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген, анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Мындан тышкары жыйындын алкагында Өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары өттү.

Пикир

Оставить комментарий