• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Минскте өтөт

ЕАЭБ 0

Алматы, 31.01.20. /Кабар/. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйыны 9-10-апрелде Минскте өтөт. Бул тууралуу Алматыда өтүп жаткан ЕӨАК отурумунда Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян билдирди.

Отурумга Казакстан, Кыргызстан, Россия, Армения, Беларус жана Молдованын (байкоочу өлкө) өкмөт башчылары жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясы катышууда.

Жалпысынан бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 14 маселе каралат. Анын ичинен 10 маселе ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан тар чөйрөдө, 4 маселе кеңири курамда каралат.

Пикир

Оставить комментарий