• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны 9-августта Чолпон-Атада өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт.

КР өкмөттүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өтмөкчү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген, анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ Премьер-министрлеринин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлөт.

Мындан тышкары жыйындын алкагында Өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий