• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 7-март /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Жогорку Кеңешке Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү тууралуу;

2. «Антиконтрафакт» Эл аралык форуму тууралуу;

3. ЕАЭБде интеграциялык потенциалга ээ экономикалык тармактар жана аларды колдонуу чаралары тууралуу;

4. 2015-2016-жж. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода мамилелеринин абалы тууралуу;

5. ЕАЭБ 2025-ж. чейин санариптик тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын даярдоо иштеринин жүрүшү;

6. Соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу;

7. 2014-ж. 29-майдагы №72 Жогорку Евразиялык экономикалык биримдигинин Чечимин ишке ашыруу тууралуу;

8. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин 2016-2017-жж. Карата айыл чарба продукцияларынын жана азык-түлүктөрдүн негизги түрлөрү боюнча агроөнөржай тутумун, суроо-талап жана сунуштарын өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен божомолдор жөнүндө;

9. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде үчүнчү өлкөлөрдө чыгарлылуучу айыл чарба унааларынын жана жабдууларынын окшошторун өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө;

10. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде өндүрүлгөн айыл чарба унааларын жана жабдууларын үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна экспорттоону өнүктүрүү жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий