• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясынын Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директоруна жогоруда айтылган протоколдун ратификациялангандыгы тууралуу грамотаны депонирлѳѳгѳ тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ок күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Протоколдун негизги максаты болуп өнөр жай менчик объектилерин коргоонун евразия системасын бекемдөө жана кеңейтүү, бардык Макулдашуучу мамлекеттердин аймагында колдонулуучу бирдиктүү евразия патентинин негизинде өнөр жай үлгүлөрүн коргоонун мамлекеттер аралык системасын түзүү, катышуучу-мамлекеттердин ички рынокторун өнүктүрүү, соода жана инвестициялык ишти өнүктүрүү үчүн өз аймактарынын жагымдуулугун жогорулатуу саналат.

Протоколдун негизинде Макулдашуучу мамлекеттер (Азербайжан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Россия Федерациясы, Түркмөнстан) 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына ылайык өнөр жай менчик объектилерин коргоо жаатындагы Евразия патенттик уюмунун (мындан ары — ЕАПУ) функцияларын кеңейтүү каралган.

ЕАПУ базасында өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоонун региондук системасын түзүү максатка ылайыктуу болуп саналат, анын натыйжасында өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында, ошондой эле аталган региондук системанын башка катышуучу-мамлекеттеринин аймагында өнөр жай үлгүлөрүн коргоо кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга улуттук билдирүүчүлөрдүн кызыкчылыгын калыбына келтирүүгө, ошондой эле чет өлкөлүк билдирүүчүлөрдүн аталган региондук системага кызыкчылыгын арттырууга өбөлгө түзүлөт.

Өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоонун региондук системасын түзүү Евразия патенттик конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн аймагында сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле негизинен региондо инвестициялык климатты жакшыртууга жөндөм берет.

Пикир

Оставить комментарий