• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун программасынын түзүмү бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. «Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форумунун расмий сайтында иш программасынын түзүмү бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Евразия жумалыгы» форуму Армения Республикасынын Ереван шаарында 2018-жылдын 22-24-октябрында өтөт жана бийлик органдарынан жана бизнес өкүлдөрүнөн, өнүгүү институттарынын адистеринен, финансы жөнгө салуучуларынан, Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин жана Биримдикке өнөктөш-мамлекеттердин эксперттеринен турган 2,5 миң катышуучуну бир аянтка чогултмакчы.

«Евразия жумалыгы» III Эл аралык форумунун иш программасынын иш-чаралары үч негизги – стратегиялык, тармактык жана бизнес-трек багыты боюнча жүргүзүлөт.

Стратегиялык трек ишкерлердин улуттук жана улутка караштуу деңгээлдеги регуляторлор менен түз диалогу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Тректин жалпы жыйыны өнөр жай кооперациясына арналат – катышуучулар бири-бирине кантип ишеним артууга жана андан кандайча пайда табууга болорун талкуулашат.

Мындан тышкары, стратегиялык трек Биримдик аймагындагы атаандаштык, дүйнөлүк чакырыктарды эске алуу менен ЕАЭБ келечеги, Чоң евразиялык өнөктөштүк жөнүндө панелдик дискуссияны, кооперация үчүн кесепетсиз салыктык башкаруу жөнүндө бизнес-диалогду, криптовалюта жана санариптик экономиканын башка атрибуттарынын келечеги жөнүндө дебаттарды, «ЕАЭБ келечеги жаштардын көзү менен» аттуу талкууну камтыйт.

Стратегиялык трек алкагындагы маанилүү кеңешме катары ЕАЭБ Ишкерлер кеңешмеси саналат, анда бизнес өкүлдөрү Биримдик экономикасынын тармактарынын өнүгүү келечегин аныкташат, кооперация эсебинен аттаандаштыкты кантип жогорулатууну талкуулушат жана үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна проукцияны биргелешип жылдыруу жөнүндө макулдашат. Ошондой эле ЕЭК жана ЕАЭБ Ишкер кеңешинин өз-ара аракеттешүүсү боюнча Консультативдик кеңешинин жыйыны пландаштырылган.

Тармактык трек алкагында маалыматтык технологиялар жана так инженерия, айыл чарба, жеңил өнөр жайы тармагындагы, фармацевтикалык товарлар жана медициналык буюмдар рыногундагы, зергер жана жарык техникалык тармактардагы, ошондой эле акылдуу шаарларды түзүүдөгү экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана кооперацияны өнүктүрүүгө арналган сессиялар жана дискуссиялар каралган. Жалпы инфраструктураны түзүү, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу жана мыйзамдарды ыраатташтыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

«Евразия жумалыгынын» күтүлүүчү тармактык окуяларынын бири – «Евразиялык санариптик платформалар» инновациялык долбоорлор сынагынын финалы жана анын жеңүүчүлөрүн сыйлоо.

Иш програмасынын Бизнес-треги ишкерлерде пайда болгон практикалык маселелерди чечүүгө, ЕАЭБдеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкер байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

«Форумдун программасы бизнести өнүктүрүү жана жалпы практикалык чечимдерди издөөгө шарт түзөт. Биз үчүн ар кыл мамлекеттердин продукция өндүрүүчүлөрү жана жабдуучулары көптөгөн пайдалуу маалыматтарга ээ болуу менен ЕАЭБ рыногунда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ишкер байланыштарды кеңейтүүсү маанилүү. Форум ишкерлеге аларды кызыктырган маселелер боюнча түздөн-түз жооп алуусуна мүмкүндүк түзөт», – деп билдирди Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Вероника Никишина.
Быйылкы жылы ЕАЭБдин экспорттук жана кооперациялык мүмкүндүгүнүн масштабдуу көргөзмөсү пландаштырылган, анда экономиканын ар кыл тармактарынан 120 ашуун компаниянын өкүлдөрү катышмакчы.

«Евразия жумалыгы» форумуна катышуу акысыз. Каттоо www.eurasianweek.com расмий сайтында жүргүзүлөт.

Маалымдама: «Евразия жумалыгы» форуму – Евразиялык экономикалык биримдик жана Евразиялык экономикалык комиссия өлкөлөрү тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара. Форумду өткөрүү демилгеси 2015-жылдын май айында Биримдикке мүчө-мамлекеттердин беш премьер-министринин чечими менен бекитилген. Иш-чара өзүнө ишкер жана көргөзмө бөлүктү камтыйт, B2B- жана B2G-байланыштардын жайгарылышына шарт түзөт.

Алгач форум 2016-жылдын октябрь айында Москва эл аралык «Ачык инновациялар» форумунун аянтчасында орун алган. Экинчи форум 2017-жылдын август айында Астанадагы ЭКСПО аянтында орун алгын. Бул окуя жылына ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жана үчүнчү мамлекеттерден 2 000 ашуун катышуучуларды бириктирет.

Пикир

Оставить комментарий