• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Евразиялык экономикалык форумду өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө «Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилиндеги Евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүндүктөрү: өндүрүштү топтоштуруу жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү» Евразиялык экономикалык форумунун Концепциясы жана архитектуралык долбоору каралды. Ошондой эле Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу жана аны өткөрүү үчүн жоопкер потенциалдуу операторду аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин сунуштары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы Арзыбек Кожошев белгилегендей, форумдун негизги максаты - экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин инвестициялык жана инновациялык потенциалын айкалыштыруудан синергетикалык натыйжага жетишүү, анын ичинде алардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана бул иш-чараны жогорку уюшкандыкта өткөрүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Эң негизгиси – бул форумдун жыйынтыгы. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бизнес чөйрөлөрү үчүн, өкмөттүк деңгээлде да ар түрдүү аянтчалар уюштурулат. Ишкер келишимдерди түзүү жана биздин республикага инвестиция тартууну иштеп чыгуу зарыл», - деп билдирди Арзыбек Кожошев.

Кеңири талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ар бир мамлекеттик орган өзүнө жүктөлгөн ишти так иштеп чыгуусу тийиштигин, ал эми протоколдун пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий