• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Малкина: Экономикалык форумдун жыйынтыгы боюнча 17 кызматташтык программасына кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы боюнча 17 кызматташтык программасына кол коюлду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 25 өлкөдөн жалпы 2,5 миң адам катышып, 50 компаниянын өкүлдөрү Бишкектеги жарманкеге өз продукцияларын тартуулашты.

“Кол коюлган эң маанилүү документтердин бири “Евразиялык Агроэкспресс” айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандуму болду. Ага ылайык, Кыргызстандын продукцияларынын алгачкы тонналары жакын арада Россияга ташыла баштайт. Мындан сырткары, Евразия өнүктүрүү банкы менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосунда кызматташуу меморандумга кол коюлду”, - дейт ал.

Малкина ошондой эле беш өлкө интернет соода тармагында кызматташуу боюнча макулдашканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий