• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Евразиялык фонддун кеңеши Кыргызстанга 100 млн доллар берет

Экономика 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстанга 100 млн доллар насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Каржы министрлигине шилтеме келтирип Рейтер агенттиги жазат.

Насыя өкмөттүн жана Кыргызстандын Улуттук банкынын коронавирустун экономика, каржы жана социалдык тармактарына тийгизген таасирин жоюу программасын ишке ашырууга багытталат.

Маалыматта насыянын шарттары тууралуу айтылбайт.

Пикир

Оставить комментарий