• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер жактырылды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтер каралып, жактырылды, алар төмөнкүлөр:

- «Евразия экономикалык биримдигинде жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу» маселе алкагындагы тапшырма;

- «Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын ставкасын белгилөө жөнүндө жана жана Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна колдонуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алымдарынын ставкаларына салыштырмалуу ташып келүү бажы алымдарынын төмөн ставкасы колдонулган товарлардын тизмегине жана мындай алымдардын ставка өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;;

- «Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө» тескеме;

- «Евразия экономикалык биримдигинин 2014-жылдын 29-майындагы келишимине физикалык жактар тарабынан товарларды электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салык алуу тартиби жаатында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

- «Евразиялык агроэкспресс» айыл чарба продукциясын тездетилген темир жол рельси аркылуу ташууну ишке ашыруу боюнча Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жөнүндө тескеме»;

- «Бажы биримдиги комиссиясынын айрым транспорттук каражаттардын түрүнө карата айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

- «Евразия экономикалык биримдигинин айрым демилгелерине Өзбекстан Республикасынын катышуусу жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

- «Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө» буйрук;

- «Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча 2022 – 2023-жылдарга Иш-чаралар планы ж («жол картасы») жөнүндө» тескеме;

- «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» тескеме;

- «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме;

Пикир

Оставить комментарий