• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евро - 2020: Роналду башында турган Португалия Бельгияга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европанын чемпионатынын 1/8 финалында Португалиянын курамасы Белгьгиянын командасы менен оюн өткөрдү.

Олимпийский стадионунда болгон беттеш 1:0 эсебинде Бельгиянын жеңиши менен аяктады.

Жалгыз голду Азар Торган оюндун 42-мүнөтүндө киргизип, өзүнүн командасын чейрек финалга алып чыкты.

Бельгиянын командасы чейрек финалда Италияга каршы беттешет. Ал эми Португалия аталган чемпионаттын кийинки туруна өтпөй калды.

Эскерте кетсек, 2016-жылкы Европанын чемпионатын Португалиянын курамасы жеңишке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий