• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Евробиримдик Афганистанга карата стратегиясын өзгөртпөйт - Шарль Мишель

Саясат 0

Чолпон-Ата, 02.06.23. /Кабар/. Европа Биримдиги Афганистанга карата стратегиясын өзгөртпөйт. Бул тууралуу Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Чолпон-Атада өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик Афганистанга гуманитардык жардам берүүнү улантууда, муну менен катар бул өлкөгө карата стретагиясын өзгөртүү ниети жок.

"Евробиримдик өткөн жылы Афганистанга гуманитардык жардам берүү үчүн 174 млн евро бөлдү. Ошол эле учурда биз Афганистанга карата стратегиябызды өзгөртпөйбүз. Бирок сиздер чек араларды бекемдөөдө Евробиримдиктин колдоосуна ишенсеңиздер болот", - деди Мишель.

Ал белгилегендей, "ЕБ - БА" саммити БА өлкөлөрүнүн ар бири менен өз ара аракеттенүү жана жакшыраак стратегияларды иштеп чыгуу үчүн эмне зарыл экендигин түшүнүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий