• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Евробиримдик Борбордук Азия менен кызматташтыкты бекемдөө маселесин активдүү талкуулоодо – Могерини

Саясат 0

Брюссель, 20.11.18. /Кабар/. Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Борбордук Азия менен кызматташтыкты талкуулашты. Отурумдун жыйынтыктары боюнча Европа биримдигинин чет өлкөлүк иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини бирифингде сөз сүйлөдү.

“Европа биримдигинин жана Борбордук Азиянын мамилелерин тереңдетүүгө сурам бар”, - деп билдирди ал.

Могерининин айтымында, Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин отурумунда Борбордук Азия боюнча кызыктуу талкуу орун алды.

“Биз Борбордук Азия менен кызматташтыкты талкуулаганда биргелешкен иштин оң жыйынтыктарын белгилейбиз. Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн Европа биримдиги менен мамилени тереңдетүүгө сурамы бар. Биз министрлер менен аймак менен кантип мамилени бекемдөөгө боло тургандыгын активдүү талкууладык. Жумуш уланат. Биз эки тараптуу негизде жана аймактык масштабда дагы кызматташтыкты бекемдөөгө болгон каалоолорубузда чогуубуз”, - деди Федерика Могерини.

Пикир

Оставить комментарий