• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Евробиримдик COVID-19га каршы таблеткаларды колдонууну жактырды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Европа биримдиги (ЕБ) COVID-19 жуктурган тобокелчилик тобундагы бейтаптарды дарылоодо "Паксловид" таблеткаларын колдонууну жактырды. Бул тууралуу ЕБдин медициналык көзөмөл мекемеси билдирди.

Дары оорусу өтүшүп кетүү коркунучу жогору болгон бейтаптарга гана берилет деп болжолдонууда.

Pfizer компаниясынын "Паксловид" таблеткалары Европада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптарга ичүүгө уруксат берилген алгачкы дары болуп калды.

АКШда бул дары өткөн жылы 23-декабрда жактырылган. Компания жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, ал тобокелчилик тобундагы бейтаптардын өлүү ыктымалдыгын 89% азайткан. Бирок иликтөө эмделбеген бейтаптардын арасында жүргүзүлгөн. Мындан улам анын вакцина алган адамдарга карата канчалык деңгээлде натыйжалуу экени так белгисиз.

Европалык регулятордун маалыматына караганда, Европадагы изилдөөлөр да АКШдагы изилдөөлөргө окшош жыйынтык берген. Бирок билдирүүдө сыноого катышкан бейтаптардын эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү жазылган эмес.

Pfizer жыл аягына чейин 50 миллионго чейин "Паксловид" таблеткаларын өндүрүүнү пландап жатат.

ЕБ учурда COVID-19 жуктурган бейтаптарды дарылоодо Merck & Co фармацевтикалык компаниясынын "Молнупиравир" препаратын да колдонуу боюнча билдирмени карап жатат.

Пикир

Оставить комментарий