• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Евробиримдик донорлор БАдагы уран калдыктарын сактагычтардын маселесине көңүл бурат деп үмүттөнөт

Коом 0

Брюссель, 20.11.18. /Кабар/. Европа биримдиги донорлор Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактагычтардын маселелерине көңүл бурат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Брюсселдеги бирифингде Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди.

Анын айтымында, Евробиримдик уран калдыктарын сактагычтарга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн кошумча 10 миллион евро бөлгөн.

“Биз буга чейин 16 миллион евро бөлгөнбүз. Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү кошумча колдоо көрсөтүүгө сөз бергенин белгилей кетүү керек. Бельгия 2 миллион евродон ашык акча берүүгө сөз берди. Башкалар дагы даярдап жатышат”, - деди ал.

Буриан чындыгында бул көйгөй Евробиримдиктики эмес, аймактык болуп саналарын кошумчалады.

“Биз донорлордун көңүлүн ушул маселеге бургубуз келди. Бул чындыгында кооптуу маселе. АКШ жана Швейцария дагы каражат бөлүп берүүнү көздөөдө. Чоң акчалар керек. 7 эле уран калдыктарын сактагычка 80 миллион евро керек. Бирок эгер бир нерсе болсо, миллиард дагы жетпей калат”, - деп кошумчалады ал.

Петер Буриан башка донорлор дагы өнөктөштөр менен биргеликте бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтөрүнө үмүттөнүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий