• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Евробиримдик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Европа биримдиги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Европа биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалуунун олуттуу курчушу көптөгөн курмандыктар менен коштолду. ЕБ 29-апрелдеги ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди жана чек ара маселесин саясий жөнгө салуу боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөрдү кубаттайт. ЕБ акыркы учурдагы окуя болгон жердеги зордук-зомбулукка тынчсызданганын жана жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ошондой эле Евробиримдик өзүнүн борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, Бишкек жана Душанбе шаарларындагы, андан тышкары Юрюсселдеги өкүлчүлүгү, аркылуу эки өлкөнүн бийлиги менен тыгыз дипломатиялык байланышта экенин билдирет. Бүгүн дагы айрым райондордогу уланып жаткан кагылышууларды эске алуу менен кырдаалды туруктуу жана тынчтык жолу менен чечүүгө жетишүү үчүн ок атышпоо режими токтоосуз аткарылышы керек. Эки тарап тең алдыда ушундай жаңжалдар болуп кетпеши үчүн зарыл чараларды кабыл алышы абзел.

ЕБ эгер зарыл болсо чек араны жана суу ресурстарын башкаруу боюнча аймактык программалары аркылуу техникалык жардам жеткирүүгө, ошондой эле ЕБдин Борбор Азиядагы стратегиясынын негизги артыкчылыктары болгон аймактагы туруктуулукту жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылууга саясий колдоо көрсөтүүгө даяр”.

Пикир

Оставить комментарий