• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евробиримдик: Кыргызстан ПСЖ+ статусунун алкагында бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой жатат

Экономика 0

Брюссель, 20.11.18. /Кабар/. Кыргызстан ПСЖ+тун (Преференциялардын жалпы схемасы) бардык преференция жөндөмдүүлүгүн колдонбой жатат. Бул тууралуу Брюсселде өткөн брифингде Тышкы байланыштардын европалык кызматынын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевич билдирди.

Анын айтуусунда, аталган жеңилдетүү схемасынын артыкчылыктарынын 50 пайызы дагы колдонулган жок. Бул жерде эң негизги себеп Кыргызстандан келген азыктардын тиешелүү сапатынын жоктугу.

“Ошондой эле лабораторияларга жана азыктарды баалоодо маселелер бар. Биз Кыргызстандык ишкерлерди Европанын рыногуна чыгууда колдоого даярбыз”, - деди ал.

Андар тышкары Евробиримдик Кыргызстанга керектүү лабораторияларды салууга көмөк көрсөтүүнү пландайбы деген суроого Ярошевич Евробиримдиктин андай мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи.

“Башка өлкөлөргө мындай жардамдар көрсөтүлгөн, бирок Кыргызстан тууралуу маселе көтөрүлгөнбү мага белгисиз”, - деп түшүндүрдү ал.

Андан тышкары Ярошевич белгилегендей, экологиялык таза азыктарды Европага экспорттоого чоң потенциалы бар.

Пикир

Оставить комментарий