• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы жаңы келишимге 2020-жылдын башында кол коюлушу мүмкүн

Саясат 0

Брюссель, 21.06.19. /Кабар/. Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимге 2020-жылдын башында кол коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документти парафирлөө күтүлүүдө. “Тараптар өз ара тил табышып, бир жыйынтыкка келишти. Документке формалдуу түрдө 2019-жылдын аягында же 2020-жылдын башында кол коюлушу күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматынан билдиришкендей, Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим эки тараптан тең сүйлөшүлгөн документ болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган жаңы келишимди даярдоого дээрлик бир жарым жыл убакыт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий