• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евробиримдик Мирзиёевди Брюсселде 2019-жылдын башында күтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Европа биримдигинин башкы кеңсеси Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Брюсселге 2019-жылдын башында иш сапар менен келеринен үмүт артууда. Бул тууралуу бейшембиде Европарламенттин депутаты Ивета Григуле-Петерс билдирди.

1-нобярда Ташкентте “Өзбекстан-ЕБ” парламенттик кызматташуу комитетинин 14-отуруму өттү. Делегацияны Европарламенттин Борбор Азия жана Монголия боюнча төрайымы Ивета Григуле-Петерс жетектеп келди.

Евродепутат Шавкат Мирзиёевдин сапары Өзбекстан менен ЕБнын жакынкы беш-он жылдыктагы кызматташуусун аныктоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт. «Сапарды дагы бир жылга кечеңдетпөө керек. Мен ушундай каалоо ала келдим», – деди депутат.

Июлда Европа биримдигинин кеңеши Өзбекстан менен өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдук берген. Кеңештин пикиринде, бул ишкер жана инвестициялык жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөш болуп, климаттын өзгөрүшү, коррупция жана терроризм менен күрөшүү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча кызматташууну камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий