• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Евробиримдик санариптештирүү үчүн Кыргызстанга кошумча 3 млн евро бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн Европа биримдиги өлкөнүн санариптик трансформациясын колдоого Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 3 млн евро же 270 млн сомго жакын каражат которду.

ЕБнын Кыргызстандагы басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишине көмөктөшүү, Санариптик Аймак тутумун бардык тармактарда жайылтуу, республиканын региондорунда калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, КР министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу үчүн 3 млн евро грант бөлүндү.

Бул транштан түшкөн каражаттар ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат. Мындан тышкары, бюджеттик жардам электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү боюнча Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарын окутуу программалары менен коштолот.

"Жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет Кыргызстандын өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Бул секторго жардам берүү Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат”, - деди Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон.

Пикир

Оставить комментарий