• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Евробиримдик уулуу заттар маселесине көп көңүл бурат — Эдуард Ауэр

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Европа биримдиги уулуу заттар жана анын экологияга таасири боюнча маселеге көп көңүл бурат. Бул тууралуу Кыргызстан үчүн "Ден соолук жана айлана чөйрөнүн булганышы маселеси боюнча иш-аракеттер планын" бекитүү семинарында Европалык биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр билдирди.

Ал билдиргендей, бул дүйнөнүн 15 өлкөсүндө ишке ашырылып жаткан узак мөөнөттүү долбоору.

"Бул долбоордун алкагында чогултулган маалыматтар практикалык жана саясий деңгээлде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында ден соолук жана абанын булганышы маселеси боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыгууда. Кыргызстан үчүн да план иштелип чыккан", - деди ал.

Ал белгилегендей, Евробиримдик ишке ашырып жаткан буга окшош долбоор бар: уран калдыктарын сактоочу жайларды жок кылуу маселеси.

"Биз бул жакта өнөктөштөр менен иштешип жатабыз. Өткөн жылдын ноябрь айында уулуу калдыктарды сактоочу жайлар боюнча долбоорлорго кошумча каражаттарды тартуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү уюштурган конференция өттү. Бул биздин уулуу заттар боюнча ишибиздин бир бөлүгү", - деди ал.

Ауэр климаттын өзгөрүшү боюнча аймактык деңгээлде, анын ичинде Тажикстанда да бир катар долбоорлор иштелип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий