• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Евробиримдиктин башчысы үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" экинчи саммитине катышат.

"Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий