• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Еврокомиссия Борбор Азия боюнча жаңы стратегия кабыл алды

Коом 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Европалык комиссия 15-майда Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалар менен “бекем, заманбап, үзгүлтүксүз өнөктөштүктү” жаратуу үчүн жаңы стратегия кабыл алды.

16 барактан турган документте Европалык Комиссиянын жакынкы жылдары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирге жасай турган иштеринин жалпы жобосу жазылган.

Стратегия 2007-жылы кабыл алынган документке окшош.

Документте 2015-жылы Брюссель менен Казакстан кол койгон Кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык (EPCA) жөнүндө келишим ЕБ үчүн аймактагы негизги документ экени, ушундай эле макулдашууга кол коюу боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылат.

Стратегия жөнүндө документте Евробиримдик ички аймактык соода жана инвестиция үчүн чектөөлөрдү жоюунун үстүндө иштей турганы, Борбор Азиядагы калган өлкөлөрдүн Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүн колдору белгиленген. Документте адам укуктары жана жарандык коомго колдоо көрсөтүү зарылдыгы да эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий