• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти иш сапары менен Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, соода боюнча европалык комиссар Валдис Домбровскис иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны аэропорттон юстиция министри Аяз Баетов жана тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тосуп алышты. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрда Валдис Домброавскис президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда Бишкек шаарында Еропа биримдиги – Борбор Азия биринчи экономикалык форум өтөт. Иш-чарага ЕБ жана Борбордук Азия мамлекеттеринин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү, аймактагы ЕБ долбоорлорун ишке ашыруучу уюмдар, Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнүн жеке секторлорунун өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, анын ичинде европалык каржы институттары катышат.

Пикир

Оставить комментарий