• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Европа Биримдиги-Борбор Азия форматында видеоконференция болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын вице-төрагасы Ж. Боррелдин катышуусу менен Европа Биримдиги-Борбор Азия форматында видеоконференциялык байланыш болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Видеоконференциянын жүрүшүндө тараптар Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан чаралар, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча кенен пикир алышуу болгон.

“Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында министр Ч. Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүнүн экономикалык кесепеттерин жоюу, чакан жана орто бизнести колдоо, сооданы илгерилетүү, жаңы шарттарда азык-түлүк коопсуздугун жана калкты социалдык колдоону камсыз кылуу, ошондой эле санариптик технологияларды илгерилетүү боюнча Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелерин карап чыгууну сунуш кылды”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, видеоконференцияда Борбор Азия аймагын Европа менен байланыштыруучу транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланган. Бул контексттен алганда кыргыз тарап Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Грузиянын аймагы боюнча өтүүчү жаңы транспорттук коридордун ачылышы тууралуу маалымат берген.

Европа тарап ЕБ-БА форматында бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө ар тараптан жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Министр Айдарбеков Европа Биримдигинин ыкчам көңүл буруп, кризиске каршы күрөштө өзгөчө муктаждыктар үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтөрү тууралуу билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөн, алардын ичинде, Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип жаткан азык-түлүк, медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамдар үчүн дагы ыраазычылык билдирген.

Тараптар Борбор Азияда жана Европада COVID-19дун жайылышына байланыштуу кырдаал турукташкандан кийин Европа Биримдиги-Борбор Азия Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен

Пикир

Оставить комментарий