• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа Биримдиги-Борбордук Азия Диалогунун кезектеги отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Брюссель шаарында 28-май күнү Европа Биримдиги-Борбордук Азия саясат жана коопсуздук суроолору боюнча жогорку деңгээлдеги Диалогунун кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда ЕБ делегациясын Европанын тышкы байланыштар кызматынын башкы катчысынын орун басары Ж.К. Белльяр, ал эми Кыргыз Республикасынын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров жетектеген.

Аталган отурумга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын (делегациялары) өкүлдөрү катышып, отурум тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөн.

"Отурумдун күн тартибине эл аралык жана аймактык коркунучтарга туруштук берүү тууралуу маселелери киргизилип, анын ичинде терроризм, радикализм, экстремизм, ЕБ жана БА мамлекеттери менен бирге чек араларды башкаруу, ЕБнин “БОМКА”, “КАДАП”, "EU-ACT" программаларынын алкагында бангизат менен күрөшүү, Ооганстандын учурдагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кырдаалы жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан менен аймактык кызматташуу механизмдери тууралуу суроолору талкууланды", - деп билдирет министрлик.

Ошондой эле, отурумда тараптар Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Стратегиясын ишке ашыруусу талкууланып, билим берүү, соода-экономика, транспорт, айлана-чөйрө жана суу ресурс маселелери боюнча кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуусу тууралуу сунуштары айтылган.

Делегация башчылары Бишкек шаарында боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Ф. Могерини менен кезектеги жолугушуусуна чоң маани берилип жаткандыгын белгилешкен. Ал жолугушууда Европа Биримдиги Борбордук Азия менен кызматташуунун жаңы Стратегиясын тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий