• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕБ Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро грант бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, макулдашууга кыргыз тараптан КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа биримдигинин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык маселеси боюнча башкы директору Сара Ринальди кол койду.

Бул макулдашуунун алкагында ЕБ КР Билим берүү жана илим министрлигине 32,0 млн евро өлчөмүндө кайтарымсыз бөлөт, анын 27,0 млн евросу өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жана 5,0 млн евросу кошумча колдоо.

Евробиримдиктин жардамы Туруктуу өнүгүүнүн 4 жана 5-максаттарына ылайык, инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий