• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа биримдиги Түндүк Кореяга карата санкцияларды катаалдатты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Европа биримдиги Пхеньянга карата санкцияларды катаалдатты. ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери кечээ Люксембургда өткөн жолугушууда Түндүк Кореянын экономикасынын бардык тармагына инвестиция берүүгө жана чийки мунай жеткирүүгө толук тыюу салуу боюнча макулдашты.

Ошондой эле Түндүк Кореяга которууга уруксат берилген акчанын эң жогорку көлөмүн азыркы 15 миң евродон 5000 еврого чейин түшүрүү жана өлкө жарандарынын Евробиримдиктеги жумушчу визаларын узартпоо чечими кабыл алынды.

«Немис толкуну» кабарлагандай, андан тышкары министрлердин чечимине ылайык Түндүк Кореянын бир канча жеке кызмат адамына жана алты ишканасына кошумча санкциялар киргизилет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий