• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа Биримдиги «Жаслык» колониясынын жабылышын кубаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Өзбекстанга келген Европа Биримдигинин делегациясынын башчысы Эдуардс Стипрайс президент Шавкат Мирзиёевдин «Жаслык» колониясын жабуу чечимин кубаттады.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, бул чечим Өзбекстан менен ЕБнын кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

2-августта Өзбекстан президенти Каракалпакстандын Кунград районундагы «Жаслык» абагын жабуу жөнүндө токтомго кол койгон.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигинин бул чечимин колдогон.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Стив Свердлов «бул мекемени жабуу менен президент эр жүрөктүүлүк көрсөткөнүн» билдирген.

Каракалпакстандагы «Жаслык» абагы 1999-жылы совет мезгилиндеги химиялык курал полигонунун ордуна түзүлгөн. Бул район катаал климаты менен белгилүү. Кышында абдан суук, жайкысын кургак ысык болот. Бул түрмө бийлик диний экстремисттерди айыптаган Ташкенттеги жардыруудан кийин ачылган.

Бул жайды айрымдар «Кыйноо үйү» же « Кайтпай турчу жол » деп атап жүрүшөт. «Жаслык» колониясы саясий туткундар, диний жүйө менен кесилгендер оор шартта кармалып турган абак катары белгилүү.

Быйыл 29-апрелде АКШнын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы өзбек бийлигин бул түрмөнү жабууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий