• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Терхи Хакала ЕБдин Борбор Азия боюнча өкүлү болуп дайындалды

Саясат 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Финляндиялык дипломат Терхи Хакала Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги 2021-жылы 21-июнда ЕБ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жыйынында жактырылган.

Жаңы дайындалган атайын өкүл 2021-жылдын 1-июлунан тартып өз милдеттерин аткарууга киришет.

Терхи Хакала 2023-жылдын 28-февралына чейин аталган кызматта аркаламакчы. Хакала Европа Биримдигинин БАдагы учурдагы атайын өкүлү Петер Буриандын ордуна келет, анын мөөнөтү 2021-жылы 30-июнда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий