• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала жана ЕБдин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор үстүбүздөү жылдын 7-8-октябрь күндөрү иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Хакала менен Гилмордун Кыргызстанга алгачкы сапары жана аларды Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн жаңы башчысы Дитмар Крисслер коштоп жүрөт.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө делегация Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана КР Акыйкатчысы Токон Мамытов менен жолугушат.

Тараптар ЕБ менен КРнын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле өлкөдөгү акыркы окуяларды, анын ичинде алдыдагы парламенттик шайлоону, адам укуктарынын жана негизги эркиндиктердин абалын талкуулоону пландап жатышат. Мындан тышкары, ЕБ менен Борбор Азиянын аймактык кызматташтыгы талкууланат.

Атайын өкүлдөр 7-октябрда Бишкекте өтө турган ЕБ – БА жарандык коом форумуна катышып, жарандык коом жана ЕБге мүчө өлкөрдүн Кыргызстандагы элчилери менен дагы жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий