• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа биримдигинин өкүлдөрү Федерика Могерини менен Невен Мимица Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнь күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинен билдиришти.

Тараптар Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча европалык комиссары Невен Мимицанын Кыргызстанга боло турган сапарларын, ошондой эле ушул жылдын июль айына КРда пландалган Европа биримдиги - Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусун талкуулашкан.

Айдарбеков Могерининин КРга боло турган сапарынын жүрүшүндө тастыкталуусу пландалган КР менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Э. Ауэр Могерининин КРга боло турган сапарынын жүрүшүндө Европа биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумун уюштурууга даярдыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, форумдун ишинин жүрүшүндө жакында кабыл алынган Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча стратегиясы көрсөтүлөрүн белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий