• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа чемпионаты: Франциянын курамасы Германияны бир голго жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндарынын биринчи турунда Франция менен Германиянын курамалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Мюнхенде өткөн беттеш 1:0 эсебинде Франциянын жеңиши менен аяктады. Оюндун 20-мүнөтүндө германиялык оюнчу Матс Хуммельс өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.

Ал эми франциялык чабуулчулар Киллиан Мбаппе жана Карим Бенземанын голдору жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, чемпионаттын тайпалык оюндарынын алкагында болгон оюнда Португалиянын командасы Венгрияны 3:0 эсебинде артта калтырды.

Пикир

Оставить комментарий