• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Европа Кеңешинин президенти Садыр Жапаровду Брюсселге келип кетүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаровду Брюсселге визит менен келип кетүүгө чакырды.

"Сиздин сапар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы байланышты чыңдайт деп ишенем", - деди ал.

Кыргызстандын президенти чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, анын сунушун кубануу менен кабыл ала тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий