• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

Саясат 0

Бишкек, 03.06.23./Кабар/. 2-3-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында Шарль Мишель 2-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышты.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды.

Бүгүн, 3-июнда, президент Садыр Жапаров менен Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, глобалдык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаров менен Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель басма сөз үчүн Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Андан соң Шарль Мишель үчүн президент Садыр Жапаровдун атынан этномаданий туризмдин элементтери жана көчмөн цивилизациясынын салттары чагылдырылган маданий программа уюштурулду.

Бүгүн, 3-июнда, расмий сапарын аяктап, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель өлкөдөн учуп кетти.

Пикир

Оставить комментарий