• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Европа Лигасы: "Айнтрахт" менен "Челси" тең чыгып, "Арсенал" "Валенсияны" жеңди

Спорт 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Кечээ Европа лигасынын кубогу үчүн 1/2 финалдык оюндары өттү. Европа лигасынын кубогу Европадагы экинчи маанилүү футболдук мелдеш.

Германиялык "Айнтрахт" өз талаасында "Челсини" кабыл алып, оюн 1:1 эсеби мене аяктады.

Ал эми лондондук "Арсенал" испаниялык "Валенсияны" 3:1 эсебинде утуп алды.

Жооптук оюндар 9-майда өтөт.

Эске салсак, Европа лигасынын 2018/19 сезонундагы финалдык беттеш 29-майда Баку шаарындагы "Олимпийский" стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий