• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Европа өнүктүрүү банкы Бишкек шаарына экологиялык жактан таза автобустардын сатып алынышын каржылайт

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы Бишкек шаарына экологиялык жактан таза автобус жана троллейбустардын сатып алынышына каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу журналисттерге банктын өкүлү Нил Маккейн билдирди.

Ал белгилегендей, мэрия менен келишимге кол коюу күтүлүүдө.

“Биз канча өлчөмдө каржылоо жасаларын талкуулап жатабыз”, - деди ал.

Нил Маккейндин айтымында, автобус жана троллейбустарды сатып алууда алардын экологиялык жактан таза болушуна көңүл бурулат.

“Алар дизель менен жүргөн автобустар болбошу керек. Биз шаарды таза кылгыбыз келет”, - дейт Маккейн.

Бул долбоорду 2020-жылы ишке ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий