• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Өзбекстанга $210 млн насыя берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Соода-сатыкка көмөк көрсөтүү программасынын алкагында өзбекстандык төрт банкка 210 миллион АКШ долларын насыя катары бөлдү.

Маалыматка караганда, 60 миллион доллар «Асака», 30 миллион доллар «Ипотека-банк», 40 миллион Улуттук банк жана 80 миллион «Узпромстройбанкка» бөлүндү.

Эл аралык каржы инстутунун билдиришинче, насыя өзбек экспорттерлору менен импортерлоруна Украинадагы согуштан улам пайда болгон үзгүлтүктү жеңүүгө жардам берет.

Бүгүнкү күнгө карата Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Өзбекстанга 106 долбоор үчүн 2,85 миллиард доллар инвестиция салды.

Пикир

Оставить комментарий