• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Европа реконструкция жана өнүгүү банкы Өзбекстанга 400 миллион евро бөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Өзбекстандагы 12 долбоор үчүн Европа реконструкция жана өнүгүү банкы 400 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу Trend News агенттиги кабарлады.

Каржы мекемеси банк тарыхында бир жыл ичинде мынчалык насыя берүү болбогонун, бул рекорддук көрсөткүч экенин билдирди. Акча мамлекеттик долбоорлорго эле эмес жеке секторлорго да бөлүнгөн.

«2019-жылдагы келишим 475 миллион евро турат, бул былтыркыга караганда 20% көп. Бул келишимдер – өкмөттүн демилгелеринин жана Өзбекстанды өткөөл мезгилде колдоого алуу ниетибиздин жыйынтыгы», – деди банк өкүлү.

Расмий маалыматка караганда, учурда банк Өзбекстанда жалпысынан 726 млн еврого тете 23 долбоорду каржылоодо. Алардын ичинен 21% жеке секторго 79% мамлекеттин көзөмөлүндөгү инфраструктуралык долбоорго бөлүнгөн.

Өзбекстандын тышкы карызы июль айында 20,7 миллиард долларды түздү, бул жыл башына салыштырмалуу 3,4 миллиард долларга көп.

Мамлекеттин жалпы карызы ички дүң өнүмдүн 33,6% жетти.

Пикир

Оставить комментарий