• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Европада 2021-жылдан тарта бир жолу колдонулчу пластик идиштерге тыюу салынат

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. 2021-жылдан тарта Евробиримдиктин аймагында бир жолу колдонула турган желим идиш-аяктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Тийиштүү мыйзам долбоорун Европарламенттин депутаттары жактырды.

Документтин кабыл алынышы үчүн 560 депутат добуш берсе, 35 каршы болду. Дагы 28 депутат бейтарап позициясын билдирди.

Документке ылайык, 2029-жылга карата ЕБ өлкөлөрүндө кайрадан иштетүү үчүн чогултулган желим бөтөлкөлөрдүн көлөмүн 90 пайыздык көрсөткүчкө жетиши керек.

Мындан тышкары документ балык уулоо үчүн деңизге жайылган торлордун жоголгондугу үчүн балыкчыларды эмес, аны өндүргөн компанияларды акча төлөөгө милдеттендирет.

Еврокомиссиянын маалыматына караганда, Дүйнөлүк океандагы жалпы таштандынын 85% желим буюмдар түзөт. Алардын жарымына жакыны бир жолу колдонууга арналган идиш-аяктар.

Дүйнөдө желим идиштерге алгачкылардан болуп Франция 2016-жылы тыюу салган. Былтыр жазында Еврокомиссия желим тарелкалар менен ашайрыларга тыюу салууну сунуштаган.

Буга чейин желим идиштерди колдонуудан АКШнын айрым шаарлары, ошондой эле Starbucks сыяктуу бир топ компаниялар баш тартышкан.

Экологдордун маалыматына караганда, 2012-жылы Дүйнөлүк океанда желим таштандылардын көлөмү болжол менен 165 тоннаны түзгөн. Желимден жасалган буюмдардын бөлүктөрүнөн турган таштандынын жалпы саны беш триллиондон ашат.

Пикир

Оставить комментарий